Ключевые слова: | Хлор,камтыган, пестициддер, микробдук, колонизациялык, туруктуулук, төрөлгөн, балдар, бифидобактериялар, лактобактериялар, сырткы, чөйрө, тамактануу, организмдер. |
Аннотация: | Түштүк Кыргызстандын булганган аймактарында жашаган энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ичеги-карын трактынын нормалдуу микрофлорасынын табигый резистенттүүлүгүнүн калыптанышына топурактагы пестициддердин калдык санынын тийгизген терс таасирин изилдөө, ошондой эле микрофлораны оңдоочу жана саламаттандыруучу дарылоочу ичимдиктерди колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Эмчек эмгизген аялдар үчүн, эгерде хлор камтыган пестициддер 0,08 мг/лден жогору концентрацияда аныкталса, эмчек сүтүн текшерилиши керек. Экологиялык жактан жагымсыз аймактарда жашаган эмчек эмгизген аялдарга андан ары коррекциялоо максаттында эмчек сүтүндөгү курамынын бифидофлоранын жана сүт кислотасынын бактерияларын аныктоо жана изилдөө сунушталат. |