Диний экстремизмди иликтөө методологиясынын көйгөйлүү аспектилерин комплекстүү теориялык изилдөө, кылмыштуулуктун бул түрүнө каршы аракеттенүү боюнча эмпирикалык материалдарды жана статистикалык маалыматтарды изилдөө жана анын негизинде диний экстремизмди иликтөө боюнча сотко чейинки өндүрүштүн ишин оптималдаштыруу боюнча методикалык сунуштарды өркүндөтүү үчүн илимий-негиздүү сунуштарды иштеп чыгуу. Диссертациялык изилдөөнүн жыйынтыктары криминалистика илимин өнүктүрүүгө белгилүү бир салым кошот жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө боюнча перспективалуу илимий ишмердүүлүктө талап кылынат.