Ключевые слова: | Кыргыз, адабият, предмети, окурмандык, компетенттүүлүк, окутуунун, салттуу, методдору, интерактивдүү, методдор, эксперимент, репродуктивдүүлүк, продуктивдүүлүк, креативдүүлүк. |
Аннотация: | Колледждердин 1-курстарында кыргыз адабияты сабагын окурмандык компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун натыйжалуу технологияларын иштеп чыгуу, эксперименттик сынактан өткөрүү. Изилдөөнүн практикалык материалдары жана методикалык сунуштамалары, педагогикалык багытта окуган (филологиялык билим берүүдө) студенттердин билимин өркүндөтүүгө жана аларды методикалык жактан жаңы ыкмалар менен камсыз кылууда жардам берет. Ошондой эле орто мектептердин, орто кесиптик окуу жайларынын кыргыз адабияты мугалимдеринин практикалык иштеринде колдонулат. Изилдөөнүн материалдарын адабият дисциплинасы боюнча окутуучулар жана илим изилдөөчүлөр пайдаланса болот. |