Уяң жүндүү койлордун селекциялык негиздерин жакшыртып иштеп чыгуу жана кыргыз тоо меринос койлорунун экстерьердик белгилери менен жүнүнүн өз ара байланыштарын орнотуу. Алай кырка тоосунун экологиялык зонасында жыл бою жайытка жакшы көнүккөн койлордун меринос жүнүнүн сапаттары менен тирүүлөй салмагынын жогорку параметрлеринин айкалышуусу биринчи жолу илимий жактан негизделди. Кыргызстандын түштүк зонасынын шарттарында кыргыз тоо меринос койлорунун продуктуулук-биологиялык өзгөчөлүктөрү изилденип, аларды остүрүүнүн экономикалык эффективдүүлүгү аныкталды.